Каракол аэропортунда эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө

Аймак 10 Июнь 2025 11:32
3028923.9073fd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
hd-17494730059.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
hd-17494730065.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
hd-17494730071.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
hd-17494730083.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Каракол эл аралык аэропортунда эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында белгилүү болду.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда эл аралык аэропортто Бишкек – Каракол багыты боюнча жумасына эки, Ош – Каракол багыты менен бир жолу учуулар аткарылат.

Аэропорт жетекчиси Сабырбек Нарбаев белгилегендей, мында саатына 250 жүргүнчүнү тейлөөгө толук шарт бар. Учуп-конуу тилкесин 2 450 метрден 3 750 метрге чейин кеңейтүү жана түнкүсүн учактарды кабыл алууга жарыктарды орнотуу иштери жүрүп, эл аралык рейстерди кабыл алууга ички даярдыктар көрүлүүдө.

Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков Ысык-Көлдө туризм тармагын жакшыртууда жана өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүндө Каракол эл аралык аэропортунун жаңыланышын маанилүү кадам деп сыпаттады. Ал эми депуттар аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүнө, эл аралык рейстерди уюштуруу шарттарына көңүл бурушту.