Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Өлкө аймагында “Караңгылатуу” аталышында рейд жүрүүдө. Эки күн ичинде 100дөн ашуун унаа кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткандарга 20 миң сомдон айып салынууда.
“Рейд учурунда унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга карата Укук бузуулар кодексине ылайык, 20 миң сомдон айып салынып, унаалары айып короо жайына токтотулуп жатат. Айрыкча күзөт жана инкассатор кызматтарынын унаалары текшерилип, аныкталган мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө”, - деп белгиледи ал.
Байказы Айтикул уулу кошумчалагандай, рейддик иш-чара 3-февралдан тартып 7-февралга чейин өтөт.