Кара-Сууда 37 үй-бүлө кооптуу аймактан көчпөй жатат

Аймак 20 февраль 2025 09:00
Кара-Сууда 37 үй-бүлө кооптуу аймактан көчпөй жатат
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда жер көчкү коркунучу жогору болгон аймакта 37 үй-бүлө жашап келет. Бул тууралуу Өзгөчө кыдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аларга мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлүп, коопсуз жерге көчүү үчүн жер тилкелери берилгенине карабастан, өздөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн тобокелге салып, жашоону улантууда.

Аталган үй-бүлөлөрдүн ичинен экөө мамлекеттен ссуда алып, ал эми дагы 14ү мындай мүмкүнчүлүккө ээ. Мындан тышкары, 34 жаранга жаңы жер тилкелери бөлүнгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын бул аймактын тургундарына жер көчкү коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.