Кара-Сууда 1,3 млн сомдук мөөнөтү өтүп кеткен суусундуктар аныкталды

Экономика 1512 16 Апрель 2025 15:19
5472162491636248625.jpg
5472162491636248624.jpg
5472162491636248623.jpg
5472162491636248619.jpg
5472162491636248618.jpg
5472162491636248617.jpg
Алдыга
Артка
5472162491636248625.jpg
5472162491636248624.jpg
5472162491636248623.jpg
5472162491636248619.jpg
5472162491636248618.jpg
5472162491636248617.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Салыкчылар акциздик маркасы жок продукцияларды аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, 15-апрелде рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Жоош айылында мыйзамсыз суусундуктар сакталган кампа аныкталган. Анда жалпы суммасы 1 млн 340 826 сомду түзгөн, 28 008 даана 0,5 литр көлөмүндөгү акциздик маркасы жок продукциялар жана мөөнөтү өтүп кеткен алкоголсуз сергитүүчү (энергетикалык) суусундуктар табылган.

Аталган факты боюнча жеринде акты түзүлдү. Ал КРнын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Салык кызматы акциздик маркасы жок товарларды, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды сатуу мыйзамдарды бузуу болуп саналарын жана укуктук жоопкерчиликке алып келерин эскертет.