Кара-Кулжада кар көчкүдө калган жарандын сөөгү табылды

Кырсык 03 Февраль 2026 16:15
627145422_1305021548337235_3844148890407717530_n.jpg
626810754_1305021551670568_5514648776141012758_n.jpg
626822931_1305021555003901_4741077433328695414_n.jpg
Алдыга
Артка
627145422_1305021548337235_3844148890407717530_n.jpg
626810754_1305021551670568_5514648776141012758_n.jpg
626822931_1305021555003901_4741077433328695414_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районундагы Жүлгүр жайлоосунда кар көчкү басып калган 37 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн издөө иштерине куткаруучулар, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундардан жалпы 126 адам чыккан.

Белгилей кетсек, кырсык 31-январда катталган. ӨКМ тарабынан буга чейин кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала эскертүүлөр берилген.