Камчатканын жээгинде катары менен эки жер титирөө катталды

Дүйнө 9 сентябрь 2026 14:00
Камчатканын жээгинде катары менен эки жер титирөө катталды
copyright icon www

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Сейсмологдор Тынч океанда жарым сааттын ичинде жарым аралдын чыгыш жээгине жакын жерде магнитудасы 3,7 жана 4,2 болгон эки жер титирөөнү катташты. Бул тууралуу ТАССка Россия Илимдер академиясы билдирген.

"Магнитудасы 4,2 болгон жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:39да катталды. Анын очогу Петропавловск-Камчатский шаарынан 133 чакырым түштүктө жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу деңиз түбүнөн 58 чакырым тереңдикте болгон. Мындан 32 мүнөт мурун ошол эле аймакта магнитудасы 3,7 болгон жер титирөө катталган", — деп билдиришти окумуштуулар.

Аймактагы калктуу конуштарда жер титирөөлөр сезилген эмес.

Цунами коркунучу жарыяланган жок.