Кайрылмандар үчүн жеңилдиктерди карап, мекенге кайтарып алалы – делегат

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-12-26 at 10.56.32 (1).jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Кайрылмандар үчүн жеңилдиктер каралып, өздөрүнү мекенине кайткысы келген кыргыздарды кайтарып алуу сиздин мезгилиңизде ишке ашып калса жакшы болмок. Мындай пикирин IV Элдик курултайда Ош шаарынан келген делегат Айбек Таалайбек уулу билдирди.

Ал өз сөзүндө Эгемендүүлүк алган 30 жыл убакытта 1,5 миллиондон ашык кыргыздын чет өлкөгө чыгып кеткенин улуттук трагедия катары сыпаттады.

“Өлкөдө 5 жылда кайрылман паспортун алгандар ары жүгүрүп, бери жүгүрүп өз иштерин бүтүрө албай, кайра башка жолдорго түшүп баратканы көрүнүп турат. Кайрылмандар үчүн жеңилдиктерди карап, ата мекенине кайткысы келген кыргыздарды кайтарып алалы”, - деди Айбек Таалайбек уулу