Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын сот тутумун санариптештирүүнүн маанилүү багыттарынын бири “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу сот процесстеринин катышуучуларына SMS-билдирүү жана электрондук почта аркылуу кабарлоо түзүмү. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев сот системасындагы санариптештирүү иштеринин жүрүшү тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сот тутумун санариптештирүү бүгүнкү күндө жөн гана заман талабы эмес, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жеңилдетүүгө, сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана соттордун ишин ачык-айкын жүргүзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
“Белгилүү болгондой, көп жылдар бою сот өндүрүшүндө тараптарды өз убагында кабарлоо эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген. Талаптарга ылайык, ар бир сотко катышуучуга милдеттүү түрдө кабарлоо жөнөтүлүшү зарыл. Бирок, кагаз түрүндөгү чакыруу ыкчам болгон эмес. Бул көйгөйлөрдүү чечүү максатында сот тутумунда электрондук билдирүү механизмин киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. Ушул жылдын 23-апрелинен тартып, өлкөнүн сотторунда электрондук кабарлоо кызматы ишке киргизилген. Эми сот отурумунун күнү, убактысы жана өткөрүлө турган жери тууралуу маалымат автоматтык түрдө SMS жана электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Мындан тышкары, сот отурумунун алдында система милдеттүү түрдө кайрадан эскертүү жөнөтөт”,- деди Сыдыгалиев.
Ал ошондой эле санариптештирүүнүн дагы бир артыкчылыгы бул - мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө экенин маалымдады.
“Сот иштерин кароо мөөнөттөрүн кыскартуудан тышкары, санариптештирүү олуттуу экономикалык натыйжа берет. Мурда почта аркылуу жөнөтүлгөн билдирүүлөр мамлекет үчүн ири чыгымдарды талап кылган. Мисалы, 2024-жылы Жогорку соттун почта чыгымдары 6,5 млн сомдон ашкан, ал эми жергиликтүү соттордун чыгымдары болжол менен 67 млн сомду түзгөн. 2025-жылы сот иштерин жана материалдарын жөнөтүүгө байланыштуу почта чыгымдарынын жалпы көлөмү 83,5 млн сомго жеткен. Электрондук билдирүүлөрдү колдонуу бул чыгымдарды олуттуу түрдө кыскартууга алып келет”,- дейт ал.
Маалымдалгандай, 2026-жылдын май айында гана “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу сот процесстеринин катышуучуларына 10 миң 634 SMS-билдирүү жөнөтүлгөн.