Кадамжайда 91 соцобъект пайдаланууга берилип, 13 ишкана ачылган

Аймак 12 октябрь 2026 12:50
Кадамжайда 91 соцобъект пайдаланууга берилип, 13 ишкана ачылган
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.

Анда Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу маалымат берди.

Анын айтымында, райондо билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт чөйрөлөрүндө 91 объект пайдаланууга берилди.

"Өнөр жай тармагында 13 жаңы ишкана ачылып, 138 жумуш орду түзүлгөн. Алардын катарында эки чакан гидроэлектр станциясы, "Тянь-Шань" ишканасы, асфальт заводу, таш майдалоочу төрт цех, товардык бетон өндүрүүчү ишкана, пеноблок жана газоблок чыгаруучу завод, тигүү цехи жана башка ишканалар бар", - деди ал.