Кадамжай сурма комбинатынын ишин жакшыртып берүүнү суранабыз – делегат

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 15:50
WhatsApp Image 2025-12-25 at 15.50.17.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Убагында дүйнөлүк эталон болгон Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы абалы өтө өкүнүчтүү болуп турат. Бул тууралуу Кадамжай шаарынан келген делегат Исламидин Арыков өлкө башчысына кайрылуусунда билдирди.

"Комбинаттын токтоп калган ишин 2021-жылы өзүңүз келип жандандырып бердиңиз эле. Ушул ишкананын ишин аягына чыгарып берүүңүздү суранабыз. Убагында дүйнөлүк эталон болгон Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы абалы өтө өкүнүчтүү болуп турат.

Экинчиден, 2024-жылы "Кара-кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгында" Абдыкадыр Орозбековго кыргыз Эл баатыры наамын бердиңиз эле. Ал үчүн Кадамжайдын эли сизге терең ыраазычылык билдирет. Учурда Орозбеков өзү туулуп өскөн Орозбеков айылында 25 миңден ашуун калк жашайт. Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн айылга Маданият үйү керек. Ага карата айыл өкмөтү жер бөлүп берип, долбоорун даярдады. Ушул долбоорду карап берүүңүздү өтүнөбүз.

Үчүнчүдөн, Кадамжай шаарынын калкынын көбөйүп жатканына байланыштуу турак жайлар да көбөйүп, инфраструктураны талап кылууда. Учурда саркынды суу түтүктөрү менен таза суу курулмалары талапка жооп бербейт. Алар 1980-жылы ишке берилгендиктен, эскилиги жетти. Ушул маселени да чечип берүүңүздү суранабыз",-деди делегат.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 690 делегат катышууда. Курултай эки күнгө созулуп, эртең да уланат.