Кадамжай району: Салык жыйноо 1 млрд сомдон ашары күтүлүүдө

Аймак 12 октябрь 2026 12:55
Кадамжай району: Салык жыйноо 1 млрд сомдон ашары күтүлүүдө
copyright icon WWW

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Баткендин Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.

Анда Кадамжай районунун акими Болоткан Белек уулу маалымат берди.

Аким салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасын белгилеп, 2021-жылы бул көрсөткүч 340,8 млн сомду түзгөнүн кошумчалады.

"2026-жылдын 9 айында түшүүлөр 735,8 млн сомго жетти. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1 млрд сомдон ашары күтүлүүдө", - деди ал.