Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда жумуш издеген жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн ишке киргизилген Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg санариптик порталдарындагы бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова маалымдоо каражаттары үчүн өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, платформалар аркылуу жарандар бош жумуш орундарын онлайн көрүп, электрондук түрдө катталып, резюмесин жайгаштыра алат. Ал эми иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын жарыялап, керектүү кадрларды түз издей алышат.
Брифингден маалым болгондой, аталган платформалар жумуш издеген жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн төмөнкүдөй жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат:
Жумуш издеген жарандар үчүн:
- Бүткүл республика боюнча актуалдуу бош орундардын базасына онлайн кирүү;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөргө барбастан, жумуш издөөчү катары электрондук түрдө катталуу жана арыз берүү;
- Өз резюмесин жайгаштыруу жана иш берүүчүлөр менен ортомчуларсыз түз байланышуу.
Иш берүүчүлөр үчүн:
- Бош жумуш орундарын өз алдынча, тез жана акысыз жарыялоо;
- Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык бош орундар тууралуу маалыматты убагында берип туруу;
- Керектүү, квалификациялуу кадрларды түз издөө жана тандоо.
Туркебекова белгилегендей, порталдардын иши бош жумуш орундарын жайгаштыруу менен гана чектелбейт. Санариптик платформалар эмгек рыногундагы суроо-талапты талдоого жана келечекте кайсы адистиктерге муктаждык жогору болорун аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
“Бул маалыматтар кесиптик билим берүүнү, кадрларды даярдоону жана мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу саясатын туура багыттоого жардам берет. Ошондой эле эмгек миграциясынан кайтып келген жарандардын өлкө ичинде кайрадан ишке орношуусуна жана эмгек рыногуна ыңгайлашуусуна шарт түзүү да платформалардын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат”,- деди ал.