Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт

Коом
Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт
copyright icon WWW
Кабар редакциясы

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, физикалык зомбулукту өзүнчө бөлүп кароо жана анын алдын алууга катышкан органдардын тизмесин кеңейтүү сунушталууда. Бирок маселе жазаны күчөтүү менен гана чектелбейт. Жабыркагандар материалдык көз карандылыктан, коопсуз жайдын жоктугунан жана зомбулук кайра кайталанат деген коркунучтан улам көп жылдар бою жардам сурай албай жүрүшү мүмкүн. Мындан тышкары, учурдагы коргоо механизмдери иш жүзүндө дайыма эле натыйжалуу иштей бербейт. "Кабар" агенттиги сунушталып жаткан өзгөртүүлөр, колдонуудагы коргоо чаралары жана жабыркагандар кайда кайрыла алары тууралуу материал даярдады.

ИИМ кандай өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат?

Буга чейин ички иштер министри Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулук жана жашы жете электерге каршы жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү ниети бар экенин билдирген.

Анын айтымында, министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири кылмыштуулуктун алдын алуу жана мүмкүн болуучу коркунучтарды алдын ала аныктоочу механизмдерди киргизүү болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт
"Жашы жете электерге каршы жасалган кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулук жана калкка коркунуч жараткан аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштайбыз", — деди Улан Ниязбеков.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев "Кабар" агенттигине берген маегинде даярдалып жаткан мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөргө токтолду.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин өкүлдөрү менен биргеликте мыйзам долбоору даярдалды. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө, мындай укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана андан коргоо иштерине катышкан субъекттердин тизмесин кеңейтүүгө багытталган.

Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт

Документте Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкуунун баскычында турат жана Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган.

"Бул демилгенин үстүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана депутаттар менен биргеликте иштедик. Тактап айтканда, мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар да катышты. Ошондуктан бул — биргелешкен аракеттердин натыйжасы", — деди Данияр Сапарбаев.

Физикалык зомбулук үчүн камакка алуу мөөнөтүн узартуу сунушталууда

Сунуштардын бири физикалык зомбулук үчүн жоопкерчиликти өзүнчө кароого байланыштуу. Учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун беш түрү тең Укук бузуулар жөнүндө кодекстин бир беренесинде каралган. Анда үч күндөн жети күнгө чейин камакка алуу жазасы белгиленген.

Мыйзам долбоорунда физикалык зомбулукту берененин өзүнчө бөлүгүнө чыгаруу жана мындай аракеттер үчүн жети күндөн 14 күнгө чейин камакка алуу жазасын белгилөө сунушталууда. Бул денеге залал келтирбеген жана оор кесепеттерге алып келбеген учурларга, мисалы, бетке чабуу же түртүп жиберүү сыяктуу аракеттерге тиешелүү.

"Менимче, бул чындап эле натыйжалуу чара болот. Кеп денеге залал келтирбеген жана оор кесепеттерге алып келбеген физикалык зомбулук жөнүндө болуп жатат. Мисалы, адамдар урушуп, бири-биринин бетине чаап же түртүп жиберген учурлар. Мындай аракеттер да физикалык зомбулук болуп эсептелет. Ал эми зомбулуктун кесепеттери экспертизанын корутундусу менен аныкталса, анда жоопкерчилик анын оордугуна жараша өзүнчө каралат", — деп белгиледи Сапарбаев.

Ошондой эле ал коргоо ордеринин шарттарына спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салууну киргизүү сунушталып жатканын айтты. Эгерде адам бул талапты бузса, коргоо ордеринин шарттарын аткарбаган болуп эсептелет жана кайрадан камакка алуу түрүндөгү жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Данияр Сапарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору макулдашуу учурунда дагы толукталып, иштелип чыгышы мүмкүн. Учурда ал Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Документ менен кененирээк парламенттин сайтынан таанышууга болот.

Мыйзамда азыр кандай коргоо чаралары каралган?

Кыргызстанда 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзам күчүндө. Бишкек шаардык адвокатурасынын адвокаты Зульфия Сагитованын айтымында, мыйзамда жабыркагандарды коргоонун бир нече механизми каралган.

Алардын бири ички иштер органдары тарабынан 30 күнгө берилүүчү убактылуу коргоо ордери. Адвокат "Кабар" агенттигине билдиргендей, ал зомбулук көрсөтүүгө, ошондой эле жабырлануучу менен түз же кыйыр байланышууга тыюу салат.

Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт

Мындан тышкары, ички иштер органдары зомбулукту токтотуу үчүн тез арада чара көрүүгө милдеттүү. Зарыл болгон учурда жабырлануучунун макулдугу менен аны коопсуз жайга же баш калкалоочу жайга жайгаштырууга болот. Мыйзамда сотко кайрылуу, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамдар үчүн түзөтүү программаларынан өтүү, белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын электрондук көзөмөлдөө жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу да каралган.

Ошол эле учурда адвокат мыйзамдын бар экендиги менен анын иш жүзүндө аткарылышынын ортосунда айырма бар экенин белгилейт. Негизги көйгөйлөрдүн катарында арыздарга өз убагында чара көрүлбөгөнү, коргоо ордерлерин берүүдө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөдө формалдуу мамиле жасалганы, кризистик борборлор менен коопсуз баш калкалоочу жайлардын жетишсиздиги бар. Ошондой эле жабырлануучулардын зомбулук көрсөткөн адамдан материалдык жактан көз каранды болушу жана укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин зомбулук кайра кайталанат деген коркунучу да маселени татаалдатат.

"Ошондуктан коргоо ордерлеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүп, кризистик борборлордун, юридикалык жана психологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле өз убагында чара көрбөгөн кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу керек", — деп белгиледи Зульфия Каиргельдиевна.

10 айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миңден ашык фактысы катталган

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 10 айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң 414 фактысы катталган. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28 пайызга көп.

Катталган фактылар боюнча үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамдарга карата 19 миң 345 убактылуу коргоо ордери берилген. Анын 18 миң 25и эркектерге, 1 миң 320сы аялдарга берилген.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга да ушундай эле сандагы коргоо ордерлери тапшырылган. Алардын арасында 17 миң 699 аял, 1 миң 128 эркек жана 520 жашы жете элек өспүрүм бар.

Мындан тышкары, отчеттук мезгилде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 535 кылмыш иши козголгон. Бул 2025-жылдын 10 айына салыштырмалуу 55 ишке көп. Анын ичинен 326 иш сотко жөнөтүлүп, 152 сотко чейинки өндүрүш токтотулган, 34 иштин тергөөсү убактылуу токтотулган. Дагы 23 иш өндүрүштө турат.

Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт

Кылмыш иштери көбүнчө ден соолукка жеңил залал келтирүү фактылары боюнча козголгон. Мындай 207 учур катталган. Ошондой эле кыйноо боюнча 68, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 41, зордуктоо боюнча 37 жана ден соолукка оор залал келтирүү боюнча 32 кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти караган 70-беренеси боюнча 7 миң 432 протокол түзүлгөн. Ал эми убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн 71-берене боюнча 643 протокол толтурулган.

Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу протоколдордун негизинде соттор 301 жаранды камакка алуу жана 2 миң 362 адамды коомдук жумуштарга тартуу чечимин чыгарган.

Бул көрсөткүчтөр үй-бүлөлүк зомбулук олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын жана аны чечүү үчүн жазалоо чаралары гана эмес, зомбулуктун кайталанышына жол бербөө боюнча туруктуу иштер да зарыл экенин көрсөтөт. Айрыкча коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандык боюнча 643 протоколдун түзүлүшү документтин берилиши эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышына кепилдик бербей турганын көрсөтүп турат.

Ошол эле учурда катталган учурлардын көбөйүшү зомбулуктун чыныгы саны канчалык өзгөргөнүн өз алдынча аныктоого мүмкүндүк бербейт. Көрсөткүчтөргө мындай фактыларды аныктоо деңгээли жана жабыркагандардын жардам сурап кайрылууга даярдыгы да таасир этиши мүмкүн.

Жазаны катаалдаштыруу эмне үчүн жетишсиз?

Адвокат Зульфия Сагитованын пикиринде, жазаны катаалдаштыруу үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга белгилүү бир деңгээлде бөгөт болушу мүмкүн, бирок бул чара көйгөйдү өз алдынча чече албайт. Анын айтымында, жазанын катаалдыгынан да анын сөзсүз аткарылышы маанилүү.

Ал үй-бүлөлүк зомбулук кайталанган учурлар үчүн жоопкерчиликти так белгилеп, ден соолукка залал келтирүү, психологиялык зомбулук, өлтүрөм деп коркутуу, куугунтуктоо жана үй-бүлөлүк мамилелерде мажбурлоо аракеттери үчүн жазаны күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт

Мындан тышкары, адвокат коргоо ордерлеринин аткарылышын, далилдерди чогултуу жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу зарылдыгын белгилейт. Анын айтымында, жабыркагандардын арыздарына өз убагында чара көрбөгөн жана аракетсиздикке жол берген кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин да белгилөө маанилүү.

"Эгерде адам жасаган зомбулугу үчүн сөзсүз жоопко тартыларын, коргоо ордери аткарыларын жана белгиленген тыюуларды бузуу чыныгы жоопкерчиликке алып келерин түшүнсө, бул зомбулуктун кайталанышына бөгөт болушу мүмкүн", — деп баса белгиледи Сагитова.

Жабыркагандар эмне үчүн дайыма эле жардам сурап кайрыла беришпейт?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси Жаркынай Амракулова "Кабар" агенттигине билдиргендей, аялдардын жардам сурап кайрылууга көпкө чейин батына албашынын негизги себептеринин бири — жолдошунан материалдык жактан көз каранды болушу.

"Алардын көбү иштебегендиктен, күйөөсүнөн көз каранды болгондуктан, өздөрүнүн турак жайы жана каржылык запасы жок болгондуктан арыз жаза алышпайт. Көп учурда балдар аркылуу кысым көрсөтүү маселеси да жаралат. Мындан тышкары, "Эл эмне дейт?", "Балдар атасыз чоңоёбу?", "Күйөөсүз калган аял жөнүндө эл эмне дейт?" деген сыяктуу стереотиптер аялдарды үй-бүлөлүк зомбулукка чыдап жашоого мажбурлайт", — деди ал.

Жаркынай Амракулова зомбулук көрсөткөн адамдан кетүүгө аракет кылган учурда да жабыркагандар башка кыйынчылыктарга туш болорун белгиледи. Коргоо ордеринин берилиши зомбулук кайра кайталанат деген коркунучту дайыма эле жоё албайт. Аял ордерде көрсөтүлгөн талаптар бузулуп, зомбулук кайра кайталанышынан чочулашы мүмкүн.

Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт

Дагы бир көйгөй коопсуз жайдын жоктугу. Ар бир аялдын туугандарына көчүп барууга же батир ижарага алууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Айрыкча бир нече баланы тарбиялап жаткан аялдар үчүн бул кыйынчылык жаратат. Үй-бүлөсүнөн кеткенден кийин турак жайдын акысын төлөө, тамак-аш, дарылануу жана балдардын билим алуусуна кеткен чыгымдарды да өз алдынча көтөрүүгө туура келет.

Ажырашуу, балдардын ким менен жашай турганын аныктоо, алимент өндүрүү жана бала менен жолугушуу тартибин чечүүдө да кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Мындан тышкары, психологиялык басым, коркутуу, куугунтуктоо, телефонун көзөмөлдөө, туугандары менен байланышууга тыюу салуу жана балдар аркылуу кысым көрсөтүү сыяктуу аракеттер да кездешет.

Демек, жабыркаган аялдын жардам сурап кайрылуу чечими зомбулук тууралуу арыз жазууга даярдыгына гана эмес, өзүнүн жана балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу, турак жай табуу жана жашоого керектүү каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө да байланыштуу. Ошондуктан укуктук коргоо социалдык, психологиялык жана материалдык колдоо менен коштолушу керек.

Жабыркагандар кайда кайрыла алышат?

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн 17 кризистик борбор иштейт. Алардын арасында Бишкек жана Нарын шаарларындагы "Аялзат" жана "Асылзат" аттуу эки муниципалдык борбор бар.

Кризистик борборлордо медициналык, психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүлүп, убактылуу баш калкалоочу жай берилет.

Жаркынай Амракулованын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар жашаган жери боюнча төмөнкү мекемелерге кайрыла алышат:

  • Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө;
  • социалдык камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрүнө;
  • балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрүнө (жашы жете элек балдары менен жабыркагандар);
  • саламаттык сактоо уюмдарына;
  • билим берүү мекемелерине (мектеп директоруна, тарбия иштери боюнча орун басарына, социалдык педагогго, психологго жана класс жетекчиге);
  • шаардык мэрияларга жана айыл өкмөттөрүнө;
  • коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга (убактылуу баш калкалоочу жайларга, консультациялык-профилактикалык жана кризистик борборлорго).
Үй-бүлөлүк зомбулук: жаза күчөйт, коргоо чаралары өзгөрөт
"Социалдык камсыздоо органдарынын аймактык бөлүмдөрү үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга социалдык кызматтарды жана жардам көрсөтөт, алардын муктаждыктарына мониторинг жүргүзүп, талдоо иштерин алып барат. Ошондой эле маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул багытта иш алып барган башка мекемелер менен кызматташат жана тиешелүү отчетторду социалдык өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырат. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталган учурда 24 сааттын ичинде ички иштер органдарына кабарлайт", — деди Жаркынай Амракулова.

Жардам алуу үчүн ишеним телефондору да иштейт:

  • 5200 — Кыргызстан боюнча зомбулуктан жабыркагандар үчүн акысыз, күнү-түнү иштеген ишеним телефону. Кайрылуулар анонимдүү жана купуя кабыл алынат. Психологдор жана атайын даярдыктан өткөн консультанттар жардам көрсөтөт.
  • 111 — балдарга жана чоңдорго карата ырайымсыз мамиле, зомбулук, үй-бүлөлүк чыр-чатактар жана балдардын укуктарынын бузулушу боюнча акысыз, күнү-түнү иштеген ишеним телефону.

Жабыркагандар коргоого өз убагында алынышы керек

Жыйынтыктап жатып, адвокат Зульфия Сагитова үй-бүлөлүк зомбулукту жубайлардын же туугандардын ортосундагы жеке чыр-чатак катары кароого болбой турганын белгиледи. Бул адамдын жашоого, ден соолукка, ар-намыска жана жеке кол тийбестикке болгон укуктарын камтыган конституциялык укуктарына түздөн-түз тиешеси бар олуттуу социалдык жана укуктук көйгөй.

Анын айтымында, Кыргызстанда жабыркагандарды коргоо үчүн мыйзамдарда зарыл механизмдер каралган. Бирок негизги маселе алардын иш жүзүндө толук аткарылышын камсыз кылуу.

"Мамлекет жабыркаган адамды кырсык болгондон кийин эмес, ага карата реалдуу коркунуч жаралган учурдан тартып коргоого алышы керек", — деп сөзүн жыйынтыктады адвокат.

Демек, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө жана анын алдын алуу чараларын кеңейтүүгө багытталган. Бирок натыйжа жаңы мыйзамдык нормалардын кабыл алынышына гана эмес, алардын иш жүзүндө кандай аткарыларына да байланыштуу. Тактап айтканда, кайрылууларга өз убагында чара көрүү, коргоо ордерлеринин аткарылышын көзөмөлдөө, кризистик борборлордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүү маанилүү. Коргоо зомбулук жасалгандан кийин гана эмес, анын кайра кайталануу коркунучу жаралган учурда да камсыздалышы керек.