IV Элдик курултайга жалпы 690 делегат катышууда – Мыктыбек Абдылдаев

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 10:28
WhatsApp Image 2025-12-25 at 10.02.02 (1).jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Бүгүн борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик курултайга жалпы 690 делегат катышууда. Бул тууралуу Элдик курултайдын катчылыгынын башчысы Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, курултай жөнүндөгү мыйзамга ылайык 39 делегат алмаштырылып, алардын орду резервдеги делегаттар менен толукталган.

Делегаттардын курамы төмөнкүдөй:

  • Аялдар — 146
  • Эркектер — 554
  • Жогорку билимдүү делегаттар — 450
  • Орто билимдүү делегаттар — 237
  • Илимий даражасы бар делегаттар — 13.

Кесиптер боюнча:

  • Педагогдор — 160
  • Юристтер — 73
  • Айыл чарба адистери — 54
  • Экономисттер — 51
  • Медицина кызматкерлери — 26
  • Бухгалтерлер — 26

Жаш курагы боюнча:

  • 21–40 жаш — 125 делегат
  • 40–60 жаш — 264 делегат
  • 60–80 жаш — 305 делегат
  • 80–90 жаш — 6 делегат.

Мындан сырткары, курултайга 68 делегат Кыргызстанда жашаган ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү катары катышууда.