IV Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 13:50
WhatsApp Image 2025-12-25 at 13.48.10.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. IV Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.

Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин маалыматы боюнча, эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, алардын кат түрүндө жана айтылган сунуш-пикирлери, президенттин сунушу IV Элдик курултайдын резолюциясында эске алынган.

Алар Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан иш-чаралар планы катары иштелип чыккан соң, президенттин администрациясы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Мамбеткерим Чекиров резолюция боюнча иш-чаралар мындан ары жүргүзүлөрүн белгиледи.