IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп Мамбеткерим Чекиров шайланды

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 10:42
WhatsApp Image 2025-12-25 at 10.56.46 (2).jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Бүгүн борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп Мамбеткерим Чекиров шайланды.

Белгиленген протоколго ылайык, жыйынга 17 мүчө катышкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамбеткерим Чекиров IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп шайланды, ал эми Замирбек Көчөрбаев жана Байболот Абытов төраганын орун басарлары болуп шайланды.