IV Элдик курултайда 150 делегат сүйлөдү – Чекиров

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 15:30
WhatsApp Image 2025-12-26 at 15.37.37.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Эки күнгө созулган IV Элдик курултайдын жүрүшүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөштү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Мамбеткерим Чекиров билдирди.

Анын айтымында, жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттардын сунуштары, ой-пикирлери, кат түрүндө кайрылган документтердин негизинде IV Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынды.

“Резолюцияда президенттин кайрылуусу, бардык талаптар, сунуштар эске алынат. Өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча министрлер кабинети да атайын иш-чараларды иштеп чыгышы керек. Ошондо айтылган сунуштардын бардыгын аткарууга негиз болот деп ойлойм. Резолюция боюнча иштерди мындан ары да жүргүзөбүз”, - деди Чекиров.

IV Элдик курултайдын соңунда белгилүү болгондой, делегаттар жогорку бийликке жеткирилген көйгөйлөрдүн, олуттуу маселелердин, жүйөөлү пикирлердин жана айтылган сунуштардын негизинде төмөнкүдөй чечим кылды:

  1. КР Конституциясынын 70-беренесине ылайык, элге, Жогорку Кеңешке, Элдик курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары жана өнүүгүн артыкчылык жолдору боюнча кайрылуусунун негизинде КР президентинин администрациясы тиешелүү иш пландарын иштеп чыксын жана аткарууга алсын;
  2. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы жана КР министрлер кабинетинин төрагасы, КР президентинин администрациясынын жетекчисинин баяндамалары эске алынсын;
  3. КР сот адилеттик иштери боюнча кеңешине шайланган өкүлдү бекитүү жөнүндө жолдомо кат Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан даярдалып, 10 күндөн кечиктирилбей Жогорку Кеңешине киргизилсин;
  4. IV Элдик курултайдын жыйынында делегаттардын көтөргөн көйгөйлөрү, олуттуу маселелери жана иштиктүү сунуштары Элдик курултайдын катчылыгы жана президенттин администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргеликте иш-чаралар планын иштеп чыгып, президентке киргизилсин;
  5. IV Элдик курултайдын резолюциясынын долбоору негизинен кабыл алынсын.

Ошондой эле IV Элдик курултайдын жыйынтыгында Улуттук кеңештин төрагасы резолюциянын долбоору менен тааныштырды.