IV Элдик курултай. Быйыл таза суу, суу сактагыч боюнча маселелер аз айтылды

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 16:30
WhatsApp Image 2025-12-26 at 16.22.12.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. IV Элдик курултайда былтыркыга караганда, быйыл таза суу менен суу сактагыч куруу маселелери 60 пайызга аз айтылды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, быйылкы курултайда аталган министрликке негизинен 500 кайрылуу түшкөн.

“Бүгүнкү IV Элдик курултайда айтылган бардык маселелер биздин планыбызда бар. Суу сактагыч, таза суу системаларын куруу, канализация боюнча да пландарыбыз бар. Негизи аталган бул маселелер бир жылдык эмес, 3 же 5 жылдык долбоорлор. Анткени, суу сактагычтын долбоорлоо иштерине 2 жыл кетет. Бул мектеп же бала бакча куруу эмес да. Ал жерде сейсмология, гидрология, экология деген жагдайлар бар. Ал жердин өзгөчө кырдаал шарттары жер, кар көчкү ошонун баары эсептелгенде жалпы 1,5-2 жыл убакыт кетет.

Президент тапшырма койгондой, суу сактагыч куруу боюнча декадалык жөнгө салуучу 106 бассейн куруу пландаштырылган. Ошондой эле 600 айыл таза суу системасына киргизүү боюнча планга коюлган. Айтылгандардын 90 пайызы биздин планда бар”,- деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле өткөн жылдагы курултайда айтылган маселелердин 30 пайызы чечилип, 60 пайызы боюнча жумуштар аткарылып жатканын кошумчалады.