IV Элдик курултай аяктады – сүрөт

Элдик курултай 26 декабря 2025 16:40
DOS_1832.JPG
DOS_1790.JPG
DOS_1791.JPG
DOS_1792.JPG
DOS_1797.JPG
DOS_1856.JPG
DOS_1927.JPG
DOS_1928.JPG
DOS_2040.JPG
DOS_2073.JPG
DOS_2074.JPG
DOS_2104.JPG
DOS_2166.JPG
DOS_2225.JPG
DST_2487.JPG
Алдыга
Артка
DOS_1832.JPG
DOS_1790.JPG
DOS_1791.JPG
DOS_1792.JPG
DOS_1797.JPG
DOS_1856.JPG
DOS_1927.JPG
DOS_1928.JPG
DOS_2040.JPG
DOS_2073.JPG
DOS_2074.JPG
DOS_2104.JPG
DOS_2166.JPG
DOS_2225.JPG
DST_2487.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултай өз ишин жыйынтыктады. Иш-чара 25-26-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Курултайдын ишине өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жашаган эмгек мигранттарынын, ошондой эле диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Курултайдын биринчи күнүндө мамлекет башчысы катышуучуларга кайрылуу жасап, коомдук маанилүү маселелерди козгоп, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарына токтолду. Президент Кыргызстандын өнүгүүсүнүн учурдагы этабынын жыйынтыгын чыгарып, республика мамлекеттүүлүктү чыңдоонун жана туруктуу социалдык-экономикалык өсүштүн жаңы мезгилине өткөнүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, онлайн режимде бир эле учурда бүткүл өлкө боюнча 27 өнөр жай ишканасы ишке берилди. Ошондой эле 67 социалдык объекттин ачылышы болду.

Курултайдын жүрүшүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, актуалдуу маселелерди айтып, конкреттүү демилгелерди көтөрүштү.

IV Элдик курултайдын делегаттары социалдык чөйрө, кайра иштетүү өнөр жайын жана инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу, ошондой эле айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо боюнча кеңири маселелерди көтөрүштү.

Шаарларды өнүктүрүүгө кошумча каражат бөлүү боюнча сунуштарга, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү жана эмгек мигранттарынын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, анын ичинде парламентке талапкерлигин коюу маселелери боюнча демилгелер айтылды.

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча делегаттардын суроолоруна жооп берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарына кеңири токтолду. Ал делегаттар көтөргөн көйгөйлөрдүн көбү чечилүү стадиясында экенин баса белгиледи. Курултайдын ишине министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу кайрылууларды ыкчам карап, конкреттүү чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Курултайдын алдында, 24-декабрда министрлер кабинетинин мүчөлөрү делегаттарды Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында кабыл алышты.

Делегаттар тарабынан айтылган маселелер жана сунуштар ишке алынды, бир катар багыттар боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.