Ишкер аялдардын чакан бизнесин чоң ишканага айлантууга көмөк көрсөтүлөт

Бишкектеги иш-чаралар
Ишкер аялдардын чакан бизнесин чоң ишканага айлантууга көмөк көрсөтүлөт

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын ишкердикке катышуусун кеңейтүү жана алардын бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик билдирди.

Анын айтымында, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө мамлекет тарабынан түзүлгөн шарттар, анын ичинде жеңилдетилген насыялар маанилүү роль ойнойт. Учурда аялдарга жылдык 6 жана 0 пайыздык үстөк менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

“Мындай колдоо аялдардын ишкердикке аралашуусуна жана өз бизнесин өнүктүрүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бүгүнкү күндө биз экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкер аялдарды куттуктап жатабыз”, — деди ал.

Ошондой эле Сайед Садик бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата Экономика жана коммерция министрлиги менен "БУУнун “Аялдар” түзүмүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын белгиледи.

Анын маалыматына караганда, документ аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, техникалык колдоо көрсөтүү жана алардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча кызматташтыкты камтыйт. Мындан тышкары, ишкер аялдардын чакан жана орто ишканаларын, келечекте ири бизнестерин өнүктүрүүсүнө көмөктөшүү каралган.