Ирригация объекттерин оңдоого 12,3 млрд сом бөлүнөт

Коом Загрузка... 11 Февраль 2026 15:15
621831892_122200841162341273_4424883376786013464_n.jpg

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Ирригация объекттерин оңдоого мамлекеттик бюджеттен 12,3 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул каражатка 776 чакырым каналды оӊдоо жана тазалоо, 112,6 чакырым каналга бетон төшөө, 590 гидротехникалык курулма, 508 суу өлчөөчү пост, 91 насостук станция, 170 насостук агрегатты оңдоо, 46 насостук агрегатты жаңылоо, 1 500 контролдук суу өлчөөчү жабдыктарды орнотуу (электрондук), 225 чакырым коллектордук-дренаждык системаны тазалоо пландалды.

Төрөбаев белгилегендей, 2025-жылы республика боюнча 15 миң 51 скважина каттоодон өтүп, 308 скважина текшерилип, анын ичинен 50 скважина ишке киргизилди. Ал эми 2026-жылы планга ылайык 83 скважинаны ишке киргизүү мерчемделди.

2026-жылы ирригация боюнча республикада 139 объектиде курулуш жана долбоорлоо иштери жүргүзүлөт:

  • 61 объектиде курулуш иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 15 объектте иштер бүтөт, 24 объектиде уланып, 22 объектиде курулуш иштери жаңы башталат;
  • 78 объектиде долбоорлоо жүргүзүлөт, анын ичинен 10 объектте долбоорлоо бүтөт, 41 объектиде иштер уланат жана 27 объектиде долбоорлоо жаңы башталат.