Ипотекалык турак жай: баалар чарчы метрине 650 доллардан башталат

Экономика 1912 04 Март 2025 19:50
1090863653_0_160_3072_1888_2072x0_60_0_0_b6182ce5f15ca84b2cdb2c7cf8563e4d.jpg
IMG_9992.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
1090863653_0_160_3072_1888_2072x0_60_0_0_b6182ce5f15ca84b2cdb2c7cf8563e4d.jpg
IMG_9992.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев ипотекалык программанын алкагында үлүштүк курулуш шарттарында турак жай куруунун баасы чарчы метри 700 доллардан 1 миң 400 долларга чейин болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, эң кымбат батирлер Бишкектеги “Ынтымак” турак жай комплексинде жайгашкан, анда 8 миң батир курулуп жатат.

“Анын ичинен 4 миң батир ипотекага кезекте турган жарандар үчүн курулууда. Алар үчүн бир чарчы метрдин баасы 650 долларды түзөт. Ал эми үлүштүк курулуш аркылуу турак жай алгандар үчүн баасы 1400 доллардан башталат”, - деди ал.

Ошондой эле Жээмбаев белгилегендей, жарандарга ар кайсы даректер боюнча батирлер сунушталып жатат, ар бир объекттин өзүнүн тиешелүү баасы бар.

“Биздин батирлер башка курулуш компанияларына салыштырмалуу арзан”, - деп кошумчалады ал.