Ипотекалык батирлердин жарымы үлүштүк курулуш механизми аркылуу берилет – МИК

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 12:30
615687818_3690064694470036_1211453777458310114_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Өлкө аймагында канча ипотекалык батир пайдаланууга берилсе, ошонун тең жарымы үлүштүк курулуш механизми аркылуу берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания миң батир берет десе эле, кезек миңге жылат деген туура эмес.

“Мисалы, жарандарга миң батир тапшырыла турган болсо, бирдей категориядагы үйү жок жарандарга берилет. Механизмдер, багыттар боюнча бөлүнөт",-деди ал.

Бүгүнкү күндө программанын талаптарына ылайык, үч негизги багыт бар:

  1. «Жеңилдетилген ипотека» — мамлекеттик жана бюджеттик тармакта иштеген жарандар үчүн;
  2. «Арзан ипотека» — жеке тармакта иштеген жарандар үчүн;
  3. «Социалдык ипотека» — социалдык жактан аярлуу катмарга кирген жарандар үчүн.

Мындан тышкары, өзүнчө үлүштүк курулуш механизми киргизилген.

“Бул турак-жайдын баасынын 50 пайызын төлөө менен кезексиз батир алууга мүмкүнчүлүгү бар үйү жок жарандар. Биз бул жарандардан алган каражаттарды кайра эле курулуш иштерине жумшап, үйлөрдү тезирээк курууга, жарандарды турак-жай менен камсыз кылууга аракет кылып жатабыз. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө өлкөдө ипотекалык үйлөрдү активдүү куруп жатабыз. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат жетишсиз болгондуктан, ушундай механизм кирген. Ошондуктан пайдаланууга берилген батирлердин жарымын үлүштүк курулуш механизми аркылуу бергенге аракет кылабыз”, -дейт ал.

Ал эми үлүштүк курулуштан калган батирлердин жарымы жогоруда аталган 3 багыт боюнча пайыздык негизде бөлүнөөрү кошумчаланды. Мисалы, миң батирдин 500 батири үлүштүк курулуш механизми менен берилсе, калган 500 батир “Жеңилдетилген ипотека”, “Арзан ипотека” жана “Социалдык ипотека” багыттарына бөлүнөт.