Министрликтин коллегиясы: Байсалов жогорку билим берүү тармагына курч сын айтты

Коом Загрузка... 12 Февраль 2026 11:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өтүүдө.

Коллегияда алгач министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго сөз берилип, жогорку билим берүү тармагына кескин сын-пикирин айтты.

Байсалов жаштар өлкөнүн келечеги экенине токтолуп, окуу жайларда балдар сапаттуу, заманбап билим алуусу керектигин белгиледи.

“Убакыт өтүп жатат бирок, мен эч кандай иштин жыйынтык көрбөй жатам. Ошондуктан бүгүнкү коллегияда өзүбүздү мактабай, конкреттүү эмне иштер аткарылганы тууралуу айтып бериңиздер. Биздин балдар дүйнөлүк талапка ылайык, заманбап билим алышы керек”, - деди Байсалов.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө кеңири токтолуп, аткарылган иштер боюнча конкретүү суроолорун берүүдө.

Коллегияга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана окутуучулары катышууда.