ИДП 2 трлн сомго жакындады: Курулуш жана өнөр жай тармагы алдыга чыкты

Министрлер кабинети
6976f937a128f.jpg
6976f937a126b.jpg
6976f937cf95c.jpg
6976f937cfcb5.jpg
6976f953c3f0d.jpg
6976f93822179.jpg
Алдыга
Артка
6976f937a128f.jpg
6976f937a126b.jpg
6976f937cf95c.jpg
6976f937cfcb5.jpg
6976f953c3f0d.jpg
6976f93822179.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүү темпи боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда жогорку көрсөткүчкө ээ. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев минкабдын жыйынында билдирди.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда (2024–2025-жылдары) 11%дан ашты.

“Бул жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана өнүгүүнүн туура багытта кетип жаткандыгын көрсөтөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түздү. Башкача айтканда, дээрлик 2 трлн сомго жетти жана жылдын аягына карата такталган эсептөөлөр боюнча 2 трлн сомдон ашат деп күтүлүүдө. Салыштыруу үчүн, 2022-жылы ИДПнын көлөмү 1 трлн 21 млрд сомду түзгөн. Үч жылдын ичинде ИДПнын көлөмү эки эсеге өстү. 2025-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1 %ды түздү. Ошентип, акыркы төрт жылда ИДПнын реалдуу өсүүсүнүн орточо жылдык темпи 10,2 %га жетти, бул аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүч болуп саналат”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, экономиканын өсүшүнө экономиканын бардык тармактары салым кошту.

Курулуш сектору 21,1 %га, тейлөө сектору – 10,9 %га, айыл чарбасы — 2,2 %га өстү. Өнөр жайда өсүү 10,7 %ды түздү, ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 800 млрд сомго жетти. Өзгөчө жогорку өсүү темптери фармацевтика тармагында – 1,7 эсе, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө – 30,1%, резина жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүдө – 35,7%, автомобиль өндүрүүдө – дээрлик 2 эсе, химиялык продукцияны өндүрүүдө – 19,8%, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда – 14,2% катталды.

“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,4%га көбөйүп, 374,6 млрд сомду түздү, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды жана 2024-жылга салыштырмалуу 100 млрд сомго көп. Негизги капиталга салынган инвестициялардын 24% же 90,3 млрд сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул 2024-жылга салыштырмалуу 42,7%га көп”, – деди минкаб башчысы.