Грузиянын премьер-министринин Кыргызстанга келиши тарыхый окуя – Осмоналиев

Саясат Загрузка... 12 Июнь 2026 11:35
723428249_1583060793828549_4638730328475232192_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий сапары менен Кыргызстанга келиши эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый окуя. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Грузиянын премьер-министри Грузиянын өлкө башчысы деп эсептелет жана Кыргызстанга алгачкы жолу жогорку деңгээлдеги сапар, расмий сапар менен келүүдө.

“Эгер тарыхка кайрылсак, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Ал эми 1997-жылы атайын достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган. Азыркы күнгө чейинки кызматташтыктын негизги укуктук базасын ошол келишим түзөт”,- дейт Осмоналиев.

Негизи дипломатияда эң жогорку деңгээлде мамлекеттик сапар, андан кийин расмий сапар, кийинкиси жумушчу сапар жана башка жолугушуулар болуп бөлүнөрүн мурдагы элчи өз сөзүндө белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-июнда президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе расмий сапары менен Кыргызстанга келген.