Гана ТИМ башчысынын сапары тарыхый сапар деп бааланды – элчи

Саясат Загрузка... 16 Март 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-03-16 at 15.53.13.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Гана ТИМ башчысынын сапары тарыхый сапар деп бааланды. Бул тууралуу ТИМде өткөн эки тараптуу жолугушууда Кыргызстандын Эфиопиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Адылбек Тултемиров билдирди.

Анын айтымында, эки тараптын кызматташтыгынын келечеги алдыда жана саясий диалог мындан ары улантылат.

“Кыргызстанга Гана өлкөсүнүн тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблаква расмий сапар менен келди. Эки өлкөнүн министрлери бул сапарды тарыхый сапар деп аташты. Бул өз кезегинде эки мамлекеттин ортосундагы түзүлүп жаткан мамилелердин маанисин аныктап жатат. Тараптар бүгүнкү жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташуу багыттарын талкуулашты. Кыргызстан менен Гананын ортосунда түзүлгөн саясий диалог мындан ары да уланмай болду. Атап айтканда, эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүү тууралуу документке кол коюлду. Бул диалогдорду улантууга укуктук негиз болот”,-деп белгиледи Тултемиров.