Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблаква президент Садыр Жапаровду реформатор саясатчы катары баалап, ага ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал Тышкы иштер министрлигинде Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
Министрдин айтымында, бул жетишкендиктер Гананын президенти Жон Драмани Махаманын жүргүзүп жаткан реформаларына окшошуп кетет.
“Жапаров өзүн трансформатор саясатчы катары көрсөттү. Биз сиздердин административдик ишмердүүлүктөгү жана экономикадагы ийгиликтериңиздерди көрүп, күбө болуп жатабыз”, — деди министр.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду ыңгайлуу учурда Гана өлкөсүнө расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Окудзето Аблаква мындан тышкары, эки тарап тоо-кен, айыл чарбасы жана билим берүү тармагы боюнча кызматташа аларын белгиледи.
“Биз жолугушууда бир катар алгылыктуу багыттарды талкуулоого жетиштик. Гана алтын өндүрүү боюнча Африкада жана дүйнө жүзүндө алдыңкы орундарда турат. Андыктан, биз бул жаатта кызматташууну, эки өлкөнүн ресурстарын мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына жумшоону макулдаштык. Кийинки сүйлөшүү багыттарыбыз айыл чарбасы менен билим берүү тармагы болду. Бул жаатта да биз терең кызматташа алабыз”, — деди ал.
Ошондой эле министр белгилегендей, тараптар бири-биринин эл аралык уюмдардагы талапкерлигин колдоого макулдашышты. Андан тышкары, эки мамлекет дүйнөнүн күн тартибинде болуп жаткан тынчтык, экономика, баалардын өсүшү, глобалдык жылуу жана Ормуз кысыгынын жабылышы сыяктуу олуттуу маселелерде "тынчтык жана туруктуулук үчүн" деген позицияны карманышат.
Окудзето Аблаква кыргыз тарапты БУУнун трансатлантикалык кулчулукка каршы чаралар резолюциясына да көңүл бурууга чакырып өттү.
“Бул резолюция кабыл алынып, эл аралык коомчулук убагында болгон кылмыштарды билиши керек. Себеби, бир кезде бул үчүн 3 млн адамдын өмүрү кыйылган, ошондуктан резолюция Гана үчүн өтө маанилүү болуп саналат”, — деди министр.
ТИМ башчысы, андан тышкары, ганалык жаш футболчуларды кабыл алгандыгы үчүн Кыргызстанга терең ыраазычылыгын билдирди.