Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Formula 1 H2O кайыктар жарышы үч күн ичинде 2 сааттан гана болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кайыктар жарышы оюн-зоок сыяктуу маданий иш-чаралар менен коштолмокчу.
“Мелдешке катыша турган командалар келип жатышат. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы менен биргеликте конокторду тосуп алып, Ысык-Көл облусуна жөнөтүп жатабыз. Азыркы учурда Кыргызстандын суу-мотордук спорт федерациясы Спорт агенттиги менен биргеликте аэропортто спортчуларды тосуп алуу иштерин жүргүзүп жатат. Негизинен иш-чаралар этап-этабы менен өтүп, 10 мамлекеттен келген командалар мелдешет”,- деди Касымов.
Эскерте кетсек, суудагы “Formula 1 H2O” дүйнө чемпионатынын Кыргызстанда 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин өтөт.