Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтө турган Formula 1 H2O эл аралык мелдешине даярдык иштери дээрлик аяктап, учурда 90 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, негизги көңүл көргөзмө уюштуруучу аянтчаны даярдоого бурулуп, бул иштер жакынкы эки күндүн ичинде толук жыйынтыкталат.
“Мелдештин алкагында Ысык-Көл облусунун Бает айылында көрүүчүлөр үчүн атайын аянтчалар курулду. Ошондой эле көл жээгине чейинки жолдорго асфальт төшөлүп, аймакта көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык даярдык иштери эл аралык стандарттарга ылайык аткарылууда.
Иш-чара үч күнгө пландалып, спорттук мелдештерден тышкары кеңири маданий программа да уюштурулат. Анда ата мекендик жана чет өлкөлүк ырчылар концерт беришет. Көргөзмө аянтчасында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар сунушталат”,- деди ал.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бул эл аралык деңгээлдеги мелдешке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн туристтердин көп келиши күтүлүүдө.