Финляндияда викингдер дооруна таандык эң чоң күмүш казына табылды

Коом 8 сентябрь 2026 16:50
Финляндияда викингдер дооруна таандык эң чоң күмүш казына табылды
copyright icon WWW

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Финляндиянын Сюсмя муниципалитетиндеги токойдон викингдер дооруна таандык эң чоң күмүш казына табылды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ маалымдады.

Казынаны бош убактысын металл издөө менен өткөргөн жергиликтүү тургун Калле Лаппинен кокусунан таап алган. Ал токойдон эки катылган жайды аныктагандан кийин, табылган жерди археологдор изилдеген.

Казынанын курамында жалпы салмагы 4,5 килограммдай болгон бир нече миң күмүш тыйын, күмүш билерик жана викингдер дооруна таандык башка буюмдар бар. Алар жердин жарым метрге жетпеген тереңдигине көмүлгөн кайыңдын кабыгынан жасалган эки идиштин ичинде болгон.

Лахти музейлеринин маалыматына караганда, бул Финляндиядан табылган акыркы темир дооруна таандык тыйындардын эң ири казынасы болуп саналат. Казына менен кошо кайыңдын кабыгынан жасалган идиштердин да жакшы сакталып калганы өзгөчө бааланууда. Анткени Финляндиянын шартында тарыхка чейинки доорго таандык органикалык материалдар өтө сейрек сакталат.

Буга чейин Финляндияда викингдер дооруна таандык ири казына 1895-жылы Ноусиайненде табылган. Анын салмагы 2 килограммдан бир аз ашкан.