Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бишкектин базарларын эт менен камсыздаган Нарын облусунда, анын ичинде Ат-Башы районунун өзүндө эле эттин баасы 680 сом турат. Бул тууралуу эксперт Тынчтык Алтымышев "Кабар" агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Нарындан борборго малды алып келип союп, тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин этти 680 сомдон сатканда фермердин мээнети акталбай калат.
“Нарындан малды алып келип союп, касапкана, ветеринардык кызматтардан кийин этти 680 сомдон сатса, 5-6 айлап малды бордоп жем-чөп короткон фермелерде эмне калат? Эттин баасын арзандатуу бул – элеттин баасын арзандатуу деп айтат элем. Бизде башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу эттин баасы арзан.
Статистика кайрылсак, Өзбекстанда уйдун эти биздин сом менен 1000-1200 чейин, ал эми Казакстанда 1300-1400 сом. Россиянын өзүндө 800-850, Тажикстандын өзүндө эттин баасы 1100 сомго чейин көтөрүлгөн. Белгилүү болгондой, Кыргызстанда уйдун этинин дүң баасы 650 сом, базардагы чекене баасы 750 сомдун тегерегинде кармалып жатат”,- деди эксперт.
Ошондой ал Кыргызстанда негизинен эт өлкө аймактарында, айылдарда өндүрүлөөрүн айтты.
“Чүйдө анча-мынча гана эт өндүрүлгөнү болбосо, негизинен Бишкекке эт Нарын, Ысык-Көл Талас сыяктуу алыскы аймактардан келет. Карап чыксам, Ат-Башы, Нарындын базарлары Бишкектин базарларын эт менен камсыздайт экен. Учурда дыйкан - фермерлерибиздин эмгегине, мал баккан түйшүгүнө карабастан, пайдага иштебесе дагы мамлекеттин суранычы менен баа кармалып жатат”,- деди Алтымышев.