Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. “Евразия” уюмунун эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борбору эки өлкөнүн эксперттерине биргелешип иштөөгө, практикалык долбоорлорду моделдөөгө жардам берет. Бул тууралуу аталган борбордун саясий процесстер боюнча эксперти Владимир Лубянко “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, борбордун башкы максаты - “Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюмунун долбоорлорун колдоо, эксперттик диалогду өнүктүрүү жана негизги баалуулуктарды бекемдөө.
«“Евразия” уюмунун эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борборун түзүү эки өлкөнүн ортосундагы системалуу эксперттик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул борбор кесипкөй коомчулукту бириктирүүгө, аналитикалык жана долбоордук чечимдердин сапатын күчөтүүгө, ошондой эле союздук демилгелерди илгерилетүү үчүн илимий-эксперттик базаны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет»,-деди Лубянко.
Белгилей кетсек, Евразиянын саясий процесстер боюнча эксперти Владимир Лубянко "Евразия" орус тили жана маданият борборунда өткөн кыргыз-россия эксперттеринин дискуссиясында “Евразиялык интеграциянын баалуулук негиздери: Россия менен Кыргызстандын эксперттик диалогу” темасында баяндама жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар евразиялык интеграциянын учурдагы чакырыктарын жана биргелешкен изилдөөлөрдүн потенциалын талкуулашты. Институт өкүлдөрү борбордун базасында жаңы долбоорлорго катышууга, аналитикалык материалдар менен алмашууга жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Эскерте кетсек, бүгүн "Евразия" орус тили жана маданият борборунда кыргыз-россия эксперттеринин дискуссиясы жана "Евразия" уюмунун эксперттик өз ара аракеттенүү жана моделдөө борборунун ачылышы өттү.