Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Эсеп-фактура — товар, жумуш же кызмат көрсөтүү сатылганын тастыктаган расмий документ. Ал кошумча нарк салыгын (КНС) эсептөөдө жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүдө колдонулат.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, эсеп-фактура КНСти эсептөөгө, чегерүүгө жана салык отчетун даярдоого керек. Кыргызстанда ал электрондук түрдө гана түзүлөт.
Ал эми жалган эсеп-фактура — иш жүзүндө болбогон товар же кызмат көрсөтүү сатылгандай түзүлгөн жасалма документ. Ал салыктан качуу же КНСти мыйзамсыз чегерүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Мындай документтерди пайдаланган ишкерлерге салыктар кайра эсептелип, айып пул жана пеня төлөтүлөт. Айрым учурларда кылмыш жоопкерчилиги да каралган.
Салык кызматы ишкерлерди бардык бүтүмдөрдү мыйзамга ылайык жүргүзүп, тиешелүү документтер менен тастыктоого чакырат.