Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Бул жылы курултай өзгөчө форматта өткөрүлөт. Бул тууралуу IV Элдик курултайдын делегаты, Кыргызстандын пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, курултайдан бир күн мурун, 24-декабрда делегаттар министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул жолугушууларда делегаттар өз суроолорун кагаз түрүндө тапшырып, мамлекеттик органдардан жооп ала алышат.
“Тагыраагы, бул жолу курултайга дагы бир күн кошулду. Бул эмне үчүн жасалып жатат? Биринчи кезекте жыйындын сапатын жогорулатуу. Курултайга 700гө жакын делегат катышат жана алардын ар бири өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Мурдагы курултайларда делегаттар суроолоруна жооп алуу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн фойеде күтүп, жыйындын жүрүшүн толук укпай калган учурлар болгон.
Быйыл андай болбойт. Президент жылдык отчет берет, делегаттар жана башка катышуучулар жыйындын жүрүшүн толук кандуу угууга мүмкүнчүлүк алышы керек”,- деди ал.