Эрмат Жумаев: Мурунку курултайларда көтөрүлгөн маселелер чечилип жатат

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-12-26 at 16.04.46 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. Мурунку Элдик курултайларда айтылган маселелердин басымдуу бөлүгү чечилип, бир катар иштер аткарылды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Таластан келген делегаттар негизинен мамлекеттик бюджеттин каржылоосун талап кылган маселелерди көтөрүшкөн.

“Мисалы, бир делегат сууну жөнгө салуучу бассейн куруп берүүнү сунуштады. Бул долбоорго болжол менен 5 млрд сом керектелет. Муну жергиликтүү бийлик өз алдынча көтөрө албайт. Ошондой эле Талас – Сосновка жолун куруу сунушу айтылды. Мындай ири долбоорлор үчүн республикалык деңгээлде каржылоо талап кылынат.

Ал эми жергиликтүү бийликтин чечимин талап кылган маселелерди биз жеринде чечүүгө аракет кылып жатабыз. Айрым көйгөйлөр узак мөөнөттүү ишти талап кылат. Бирок, алардын да чечилиши көзөмөлдө турат. Мурунку курултайларда көтөрүлгөн маселелер боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, отчеттук мөөнөттөр белгиленген. Азыркы тапта айыл өкмөттөр, акимчиликтер, мэрия жана облустук администрациянын күчү менен бир топ көйгөйлөр чечилди”,- деди Жумаев.