Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму 25 жыл аралыгында калыптанып жаткан көп уюлдуу дүйнөлүк тартиптин ажырагыс бөлүгүнүн бирине айланды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн "ШКУ+" форматындагы жолугушууда билдирди.
Эрдогандын айтымында, ШКУга дүйнө калкынын 3,5 миллиардга жакыны туура келет, ал эми уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы ички дүң продукциясы 35 трлн долларды түзөт.
"3,5 миллиардга жакын адамды жана 35 трлн долларлык ИДПны камтыган Шанхай кызматташтык уюму акыркы 25 жылда көп уюлдуу дүйнөлүк тартиптин ажырагыс бөлүгүнүн бирине айланды", – деди ал.
Түркиянын президенти ШКУ тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда, ошондой эле коопсуз транспорттук коридорлорду өнүктүрүүдө жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль ойной аларын белгиледи.
Эрдоган Түркия ШКУга мүчө мамлекеттердин Батыш рынокторуна чыгуусун камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгилеп, бул багытта энергетикалык коридорлорду диверсификациялоого жана геосаясий тобокелдиктерди башкарууга басым жасалып жатканын айтты.
"Биз Азербайжан аркылуу өткөн "Орто коридор" демилгесин "Бир алкак – бир жол" демилгеси менен байланыштырууга умтулуп жатабыз. Ушул өңүттөн алганда, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташууга чоң маани беребиз", – деп белгиледи ал.
Аймактык коопсуздук тууралуу сөз кылып жатып, Эрдоган Түркия чыр-чатактарды диалог жана дипломатия жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө умтуларын билдирди.
Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшүн, көзөмөлсүз миграцияны, терроризмди, чек ара аралык кылмыштуулукту жана азык-түлүк коопсуздугун глобалдык чакырыктардын катарына кошту.
Түркиянын президенти 2026-жылдын 11-12-ноябрында Анталия шаарында COP31 саммити өтөрүн айтып, жолугушуунун катышуучуларын бул иш-чарага катышууга чакырды.
"Шанхай рухунан шыктанган биздин уюм чындап көп уюлдуу дүйнөнү курууда маанилүү роль ойнойт деп ишенем", – деди Эрдоган.
Ошондой эле ал Пакистанды Кыргызстан тарабынан ШКУга төрагалык кылууну өткөрүп алууга байланыштуу куттуктап, өлкөгө ийгиликтерди каалады.
Эрдоган Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен да куттуктап, ийгиликтерди каалады.