Бишкек, 13.02.25. / Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министринин орун басары Ахмед бин Салех Аль-Камши менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгынын келечегин талкуулашты.
Элчи Марипов акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оң динамикасын белгилеп, 2024-жылдын ноябрында Кыргызстанда ийгиликтүү өткөн кыргыз-сауд кызматташтык комитетинин төртүнчү жыйыны, эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдардын ишке кириши жана ар кандай деңгээлдеги расмий сапарлардын жигердүү алмашуусу тууралуу айтып өттү.
Өз кезегинде Аль-Камши Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтыктын өсүп жаткан динамикасын жогору баалап, түз авиакаттамдын ачылышы боюнча элчиликтин ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирди. Ал аталган авиакаттам эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү жана Сауд Арабиясынан туристтердин агымын көбөйтүүчү негизги факторлордун бири боло аларын белгиледи.
Мындан тышкары, эки тараптуу айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты андан ары активдештирүү максатында А. Аль-Камши элчилик менен жолугушууга чакырылган сауддук Nadec, Baja жана Leen Alkhair компанияларынын ортосунда алакаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун киргизди.
Улукбек Марипов аталган компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандагы айыл чарба продукциялары тууралуу кеңири маалымат берип, эт , бал, жемиштерди жана башка азык-түлүктөрдү Сауд Аравиянын рыногуна жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыгуу жараткан бардык тармактар боюнча мындан аркы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланышта болууну жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты.