Энергетика министринин жаңы эки орун басары дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 744 30 Июль 2026 15:00
shk-o-dag-y-sheneun_FzpvX0R.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
758780204_1701605097740963_8410257344190279581_n.jpg
760242218_1053557633793628_652669112024513830_n.jpg
Алдыга
Артка
shk-o-dag-y-sheneun_FzpvX0R.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
758780204_1701605097740963_8410257344190279581_n.jpg
760242218_1053557633793628_652669112024513830_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Маратбеков Бекнур Маратбекович жана Парханов Мирлан Абдивалиевич энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бекнур Маратбеков Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин Экономика факультетиин "Электр энергетика ишканаларында экономика жана башкаруу" адистигин аяктаган.

Ал эми Мирлан Парханов 2006-2011-жылдары В.С.Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университетинин "Менеджмент жана башкаруу" адистигин аяктаган. 2019-2021-жылдары Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча магистр даражасын бүтүргөн.

Белгиленгендей, жаңы жетекчилер энергетика тармагында жана мамлекеттик башкаруу багытында кесиптик тажрыйбага ээ адистер. Алардын ишмердиги Энергетика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга, өлкөнүн энергетикалык комплексинин туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылууга, ошондой эле тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык милдеттерди аткарууга багытталат.