Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Салават Садыракунов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин "Мамалекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.