Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. "Эне үйү" ресурс борборунда жаш энелерди кесипке үйрөтүү максатында тигүү цехи ачылды. Анын ачылышына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы жана Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн жетекчиси Сайед Садик катышты.
Ведомствонун маалыматына караганда, алар борбордун ишмердүүлүгү, жаңы төрөлгөн балдары менен жашаган энелердин шарттары, аларга көрсөтүлүп жаткан социалдык, психологиялык жана укуктук жардамдар менен таанышты.
Жаңы ачылган тигүү цехи жаш энелерге кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүп, жумушка орношууга жана экономикалык жактан өз алдынча болууга көмөк көрсөтөт.
Ошондой эле жолугушууда турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарды колдоо, үй-бүлөлөрдү бекемдөө жана социалдык жетимдиктин алдын алуу маселелери талкууланды.