Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Автобустарды сатып алууда, имараттарды курууда же кызматтарды алууда кайсы жерде мамлекеттин эсебинен тендер уюштурулса, ага майыптыгы бар адамдардын укуктары да жазылышы керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бизде автобустарды алып жатканда, имараттарды салууда майыптыгы бар жарандар унутта калып, кийин кошумча каражат сарпталып курулат.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КР мыйзам долбоору боюнча техникалык документация даярдоодо, тендер уюштурууда талаптар катары майыптыгы бар жарандар да жазылышы керек. Тилекке каршы, мисалы, бизде автобустарды алып жатканда майыптыгы бар жарандарды унутуп калышат экен. Анан майыптыгы бар жарандарга ылайыкталган пандустар менен автобустарды дагы каражат коротуп кошумча алышат. Бул мыйзам күчүнө кирсе, сатып алуунун башталышында эле маселелер чечилип, келечекте чыгымдар болбойт. Ошондой эле дайыма мектеп курулуп бүткөндөн кийин маселе көтөрүлгөндө пандустар жасалат, дааратканалар кеңейтилет. Мында бир топ эле каражат чыгым болот. Андай кылбаш керек, негизи тендер башталып жатканда эле ушул жерден алдын ала маселе чечилиши керек", — деди Бекешев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев демилгелеген "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору биринчи окууда кабыл алынды.