Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Быйыл эмне себептен Орозо айы 29 күн болгондугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Сулумбек Үзөнбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди.
Анын айтымында, негизи айлар 29 же 30 күн болуп жаңыргандыктан, быйыл бизде 29 күн болууда.
"Мындан эч кандай кыйкым издеп кереги жок. Орозо 29 күн же 30 күн болот. Маанисине токтолсок, Орозо айы — айлардын султаны. Берешендиктин, мээримдүүлүктүн айы катары адамдагы мээримдүүлүктү, ырайымды ойготот. Байлар менен колунда жок адамдардын бирдей экендигин билдирет. Орозо кармап ач болгон убакта байлар колунда жок адамдардын кадырын, ачкачылык кандай экенин билет.
Ушундай берекелүү ай бүтүп бара жатат. Ушул айдагы бардык тилектерибиз кабыл болсун. Негизи Рамазан айы адамдын өзүн-өзү көзөмөлдөөгө негиз берет. Анткени, орозо кармаган адам көп нерселерден тыйылат. Бир гана сүйлөө эмес, жаман нерселерди кароодон көзүн, кармоодон колун, угуудан кулагын тыят экен", - деди Үзөнбаев.
Эскерте кетсек, Орозо айт күнү эртең, 20-мартта белгиленип, Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.