Эми күч түзүмдөрүн күчтөндүрүп, чек араны зыңкыйта тосушубуз керек - Мирлан Самыйкожо

Пикир Загрузка... 19 Март 2025 16:35
WhatsApp Image 2025-03-19 at 16.38.20.jpeg
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Чек ара чечилди деп жөн жатпастан эми күч түзүмдөрүн эки, үч эсе күчтөндүрүп, чек араларыбызды зым менен зыңкыйта тосушубуз керек. Бул тууралуу эл өкүлү Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселесинин чечилиши бул келечегибиз, өлкөбүз үчүн алгылыктуу иш.

“Чек ара чечилбесе элдин тагдыры, келечеги чечилбейт. Чек ара маселеси кандай чечилгендиги тууралуу толук маалымат берилди. Тарых дагы, келечек да өз баасын берет. Айтайын дегеним Максат айылындагы заставадагы жалгыз калган жоокер, ошол өңдүү бир топ кыргыздын баатырлары өтүп кетти. Аларга баатыр наамдары берилиш керек. Ата Мекен баатыры дегенди өткөрүп бергенбиз, ошол берилсе жакшы болот. Алардын элди, мамлекетти коргогон эрдиктерин унутпашыбыз керек. Алардын көзү тирүүлөрүнө мамлекет тарабынан сый-урмат көрсөтүп койсок, чек аралар чечилгенден кийин бул элдин духу, ишеничи болуп калат эле. Эл, жер үчүн жанын берген баатырларды эскерип кетүүгө чакырам”,- деди депутат.

Ал эми УКМК төрагасы каза болгон жоокерлерибизге, элге, ошол эле комиссиянын мүчөлөрүнө азырынча эч нерсе бериле электигин, эгер чек ара келишими ратификациядан өтсө сыйлыктар болоорун кошумчалады.