"Манас" академиясы имаратынан чыгарылууда - депутат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 16 Апрель 2025 11:10
2019-06-12_14-58-32.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. "Манас" академиясы имаратынан чыгарылып калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, алар иштеп жаткан имаратка Инвестициялар боюнча улуттук агенттик көчүп келип, эки бөлмөгө эптеп иштеп жаткан "Манас" академиясынын кызматкерлерин көчөгө чыгаруу аракети көрүлүүдө

"Биздин улуттубуздун өзөгү бул - манас. Ошол "Манас" эпосун жайылтып, бир катар илимий иштерди аркалап келген "Манас" улуттук академиясы учурда көчөгө чыгарылып калуу коркунучунда турат. Ушул маселеге көңүл буруп коюшуңуздарды суранам", - деди ал.