IV Элдик курултайдын түз эфири саат 10:00дө башталат

Элдик курултай 25 декабрь 2025 09:10
IV Элдик курултайдын түз эфири саат 10:00дө башталат

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда IV Элдик курултай башталат. Ага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара эки күн – 25 жана 26-декабрда өтөт.

Түз эфир УТРК, ЭлТР телеканалдарынын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жеткиликтүү болот.

Түз алып көрсөтүү саат 10:00дө башталат.