Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп, жалпы улуттук чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү аянтча. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде мамлекеттик катчы Арслан Койчиев билдирди.
Анын айтымында, бул жолу IV Элдик курултайга да 700 делегат катышат. Мурунку жыйындар Элдик курултай институтунун коомдо олуттуу роль ойнорун көрсөттү.
“Бизде курултай өткөрүү боюнча тажрыйба топтолду. Делегаттардын деңгээли да жылдан-жылга жогорулап жатат. Бул жыйын чын эле коомго керек экен. Курултай — эл менен бийлик ортосунда пикир алмашуу үчүн маанилүү аянтча. Бул жерде бийлик элди, эл бийликти угат”, - деди ал.
Мамкатчы кошумчалагандай, өткөн жылы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 30 пайыздан ашыгы аткарылды.
“Калганы эмне үчүн аткарылбай калды деген суроо жаралышы мүмкүн. Курултай институту улам өз ордун тапкан сайын мыйзам актыларын ийнине жеткирип карап чыгыш керек экен. Мыйзам актыларын бекемдеген сайын, курултай институту да бекемделе берет. Мен курултай ачык, айкын жана жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем”, — деп жыйынтыктады Арслан Койчиев.