Элдик курултай. Эсептөө комиссиясынын төрагалыгына Жаныбек Баргыбаев шайланды

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-12-25 at 10.59.55.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. IV Элдик курултайдын Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Жаныбек Баргыбаев шайланды.

Белгиленген протоколго ылайык, эсептөө комиссиясы 11 мүчөдөн турат.

Төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилип, талкууга коюлду.

Маселени карап чыккандан кийин, жыйындын катышуучулары Баргыбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Эске салсак, бүгүн борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик курултай өтүүдө.

Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 690 делегат катышууда.

Анын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.