Элдик курултай бийлик менен коомдун ортосундагы диалогдун маанилүү аянтчасына айланууда — президент

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 11:17
605546264_25535952992691369_3933784322390900924_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө Элдик курултай институту өлкөнүн саясий тутумунда бекем орун алганын жана бийлик менен коом жалпы улуттук маселелерди биргелешип талкуулап, чече турган маанилүү аянтчага айланганын белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, Элдик курултай институту өлкөнүн саясий түзүмүндө өзгөчө орунду ээлеп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бүгүнкүсү менен келечегин байланыштырган "жандуу көпүрөгө" айланып бара жатканын убакыт көрсөттү.

"Элдик курултай — бул демократиянын өзөгү жана ар бир региондун, ар бир тармактын, ар бир коомчулуктун үнү жаңырган ачык аянтча. Бул жерде элдин пикири бийликтин жогорку органдарына жетип, чечим кабыл алууда эске алынат. Курултай бара-бара бийлик менен коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү механизмине, мамлекеттин жарандар менен кеңешип, алардын талаптарына кулак салып жаткандыгынын далилине айланууда. Курултайдын делегаттары жылдан-жылга тажрыйба топтоп, элдин чыныгы үнү болуп калышты", — деп белгиледи Садыр Жапаров.