Элчи Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнүн Римге иш сапарын уюштурууну сунуштады

Коом Загрузка... 13 Февраль 2025 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Рим шаарынын мэринин дипломатиялык кеңешчиси, кичи элчи Фабио Соколович менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча кыргыз-италиялык кызматташтык прогрессивдүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.

2024-жылы Рим шаарында «Кыргызстан» паркынын ачылышы менен символдоштурулган Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий алмашууну активдүү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан сырткары, Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кол коюлган кызматташуу меморандумунун алкагында кызматташууну ишке ашыруу пландарын, ошондой эле Рим шаарында өтө турган биргелешкен маданий иш-чараларды талкуулашты.

Таалай Базарбаев аймактарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, шаардык экологияны өнүктүрүү боюнча тажрыйба жана билим алмашуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн Рим шаарына иш сапарын уюштурууну сунуштады.

Фабио Соколович кыргыз тарап менен алгылыктуу өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыгын билдирип, муниципалдык деңгээлде кызматташууну өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын делегациясынын Римге сапарын уюштурууга даяр экендигин билдирди.